super.kg logo
  Саясат  

Бөдөш Мамырова: “Исхак Раззаков жөнүндө сөз болгондо эл үчүн кам көргөн улуу инсандын элеси көз алдыга тартылат”

 

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин вице-спикери Бөдөш Мамырова Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 60 жылдык мааракесине арналган иш-чарага жана окуу жай атын алып жүргөн мамлекеттик жана коомдук ишмер, улуу инсан Исхак Раззаковдун айкелинин ачылышына катышты.

Мамырова “Исхак Раззаков жөнүндө сөз болгондо улуу-кичүү дебей кийинки муун арасында өзгөчө акыйкаттыктын, тазалыктын, лидерликтин, ошол эле кезде өзүнүн мамлекети, эли үчүн жанын аябай кам көргөн улуу инсандын элеси, ишмердүүлүгү көз алдыбызга тартылат” деп билдирди.

Раззаковдун басып өткөн жолуна токтолгон депутат анын эли-жери үчүн жасаган иштери мамлекеттик жетекчилерге жана кийинки муунга үлгү экенин, "мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот” деген сөзү ар бир кыргыздын көкүрөгүндө сакталып калганын кошумчалады. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: