Депутат айрым фирмалар министрликтен электр кубатын 27-35 тыйындан сатып алып, элге 145 тыйындан сатып келгенин айтты
Мамлекеттен электр кубатын алып саткан 17 жеке менчик фирма бар. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңеште депутат Майрамкүл Тиленчиева айтып чыкты. Анын айтымында, фирмалар министрликтен электр кубатын 27-35 тыйындан сатып алып, элге 145 тыйындан сатып келет.
“Мамлекеттен электр кубатын алып саткан 17 жеке менчик фирма бар экен. Мисалы, “Электросила” деген фирма электр кубатын мамлекеттен 27-35 тыйындан алып, калкка 145 тыйындан сатат экен. Кызматкерлери айына 25 миң сомдон маяна, ага кошумча премия алат экен. Ушул жылдын апрель айында эле 4 жолу премия алганын маалымат каражаттары жазып жатат. Элдин эсебинен байыган мындай алып сатар ортомчулар болбошу керек”,- деди Тиленчиева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:03
2026-02-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















