super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда 2012-жылы 26 миң 493 аялга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул берилген

 

Кыргызстанда 2012-жылы 26 493 аялга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул берилип, буга республикалык бюджеттен 203 408 сом бөлүнгөн. Бул тууралуу КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Өлкөдө мындай жөлөк пул татаал төрөт, эки же андан ашык бала төрөгөн учурда берилет. Ал эми бийик тоолуу аймактарда иштеген айымдарга жөлөк пул ойдогудай төрөт учурунда узактыгы 140 календарлык күнгө, татаал төрөт учурунда 156 календарлык күнгө, эки же андан ашык бала төрөлгөн учурда 180 календарлык күнгө, кош бойлуулуктун 30-аптасынан кийин болгон төрөттө жана тирүү бала туулган учурда жөлөк пул 140 календарлык күнгө берилет. Ал эми бала өлүү туулганда же ал төрөттөн кийинки алгачкы жети күндүн ичинде чарчап калган учурда жөлөк пул болгону 70 календарлык күнгө берилет. Ошондой эле үч айга чейинки курактагы баланы асырап алган учурда жөлөк пул 70 календарлык күнгө берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: