super.kg logo

"Суу жана жер көп тилкелерде чек араны тактоо кыйынга турууда" дейт Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчисинин орун басары Закир Тиленов

 
Машыгуу полигонундагы байкоо мунарасы.
Ала-Букадагы машыгуу полигону.
Атайын даярдыктагы аскерлер куралдуу топту жок кылышууда.
Атайын даярдыктагы аскерлер куралдуу топту жок кылышууда.
Келген конокторго согуш куралдары тааныштырылды.
Көрсөтмө сабагынан өтүшкөн аскер кызматкерлери.
Аскер кызматкерлери согуш куралдарынан ок атышууда.

Кечээ, 18-сентябрь күнү Ала-Бука районундагы машыгуу полигонунда “Калканч-2014” аталышындагы айкалыш көрсөтмө сабагы өттү. Анда атайын даярдыктагы жоокерлер чек арага мыйзамсыз кирип келишкен куралдуу топту жок кылышты. Ошондой эле куралдардан ок атуу боюнча чеберчиликтерин көрсөтүштү. Ага ЖКнын депутаты Роза Акназарова, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчисинин орун басары Закир Тиленов, Чек ара кызматынын башчысынын орун басары Абдикарим Алимбаевдер күбө болушту.

“Мындай окууларды эки айда бирден өткөрүп туруу зарыл. Бүгүн Ала-Букада өтсө, кийинкиси Баткенде, Нарында же Чүйдө, Карколдо, Таласта өтүшү керек. Жалпысынан алганда көрсөтмө сабагы жакшы өттү десек болот”,- деди Закир Тиленов.

Ошондой эле Закир Тиленов: “Бүгүнкү күнү коңшу өлкөлөр менен болгон чек араларды тактоо иштери жүрүп жатат. Тоолуу, киши жашабаган аймактарда маселелер бат чечилсе, суу жана жер көп тилкелерде чек араны тактоо кыйынга турууда”,- деп кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: