super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт: Бишкектеги №25-мектептин имараты сүрдүрүлгөн жер тилкеси жеке максатка пайдаланылбайт

 

Бишкектеги №25-мектептин имараты сүрдүрүлгөн жер тилкеси коммерциялык максатта пайдаланылбайт. Муну өкмөттүн маалымат кызматы 19-сентябрда билдирди. Буга чейин өкмөткө аталган мектептин окуучуларынын ата-энелеринен мектеп тегерегинде түзүлгөн абалды түшүндүрүп берүү иретинде кайрылуу кат келип түшкөн.

"Аталган мектеп Бишкек шаарынын Гагарин көчөсүндө жайгашып, үч корпустан турат. Техникалык паспортко ылайык, имараттын №1 жана №3-бөлүгү 1952-жылы салынган, ал эми №2-бөлүгү 1968-жылы курулган. Имарат конструкциясын карап чыгууда ички дубалдын кыштары бузулгандыгы, спортзалдан жарака чыгуусу, имараттын тышкы шыбагынын түшүүсү, тосмолордун бузулушу жана башка кемчиликтер аныкталган. Буга байланыштуу Ленин райадминистрациясынын 2013-жылдын 3-июлундагы буйругу аркылуу №25-орто мектептеги окуу процесси токтотулган. Учурда мектеп имараты иштебейт, окуучулар жана мугалимдер убактылуу №74-мектептин имаратына которулган. Мындан соң Бишкек мэриясынын 2014-жылдын 28-мартындагы буйругу аркылуу тармактык маморгандар адистеринен турган комиссия түзүлүп, үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинде мектеп имаратын түртүрүү чечими кабыл алынган",- деп билдирет өкмөттүн аппараты.

Аталган мектептин имараты сүрдүрүлгөн жер тилкеси коммерциялык максатта пайдаланылары тууралуу ата-энелердин кооптонуусу негизсиз экени айтылды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: