super.kg logo
  Саясат  

Максат Чакиевди маданият министри кылууну "ар-намысчы" 5 депутат колдоп жатат

 
Маданият министри кызматына талапкер ырчы Роза Аманова
Маданият министри кызматына талапкер ырчы Роза Аманова
Маданият министри кызматына талапкер ырчы Роза Аманова
Маданият министри кызматына талапкер КРнын Улуттук китепкананын башчысы Жылдыз Бакашова
Маданият министри кызматына талапкер КРнын Улуттук китепкананын башчысы Жылдыз Бакашова
Маданият министри кызматына талапкер Гүлмира Жумагулова Эсептөө палатасынын башкы инспектору
Эркинбек Каимов "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз катчысы
Эркинбек Каимов "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз катчысы
Бүгүн, 19-сентябрда "Ар-намыс" фракциясынын депутаттары маданият, маалымат жана туризм министри кызматына сунушталган талапкерлер менен таанышууда. Башында 13 талапкер коюлган. Бирок алардын экөөсү Садык Шер-Нияз жана Исирадин Аманбаев чиновниктердин туугандары болгондуктан, талапкерлердин тизмесинен алынганы айтылды. Мындан тышкары дагы 3 талапкер: Кубат ОторбаевКайрат Иманалиев жана Мукталы Бектеналиев министр болуудан баш тартышкан
Учурда маданият министри кызматына жалпысынан 8 талапкер сунушталууда. Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиев фракцияда мыкты колдоого ээ болуда. Аны "Ар-намыс" фракциясынын 5 депутаты: Д.Бекешов, Б.Маматов, А.Алтыбаева, Т.Левина жана К.Рыспаев маданият министри кызматына жактырышууда. Башка талапкер, Улуттук китепкананын башчысы Жылдыз Бакашованы бир гана "ар-намысчы" Каныбек Осмоналиев сунуштап жатат. Калгандары ыктыярдуу талапкерлер болуп саналууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: