"Көчмөндөр оюндарында уткан спортчулар байгеге коюлган акчаларын ала албай жатышканы тууралуу маалымат орунсуз" дешет уюштуруучулар
"Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңүүчү аталган спортчулар байгеге коюлган акчаларын ала албай жатышканы тууралуу таратылган маалыматтар чындыкка дал келбейт",- деп билдирди Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Касенов бүгүн, 19-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы боюнча өткөн жыйындан кийин.
Автор: Максат Кудайбердиев
"Биз банктардын бири менен макулдашып, сыйлыкка каралган акча каражаттарын банкка которгонбуз. Жеңүүчү аталган спортчулар Жер шарынын кай жагына барышпасын, ушул банктын банкоматтарынан акча каражаттарын ала алышат. Аларга, балким, банкоматтан алууда кыйынчылык жаралып жаткандыр. Мамлекет спортчулардын акчаларын кармап калган жок",- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Nur45

19.09.2014. 13:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Унуну да жеп койбогула эми.
PROS

19.09.2014. 17:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Майдандын курулушунда иштегендердин акчасын бербей коюптур деп айтышты эле, эми ал аз келгенсип женуучулордун акчасын да бербей коюшпаса эле(((
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.