super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Туризм департаменти: Көчмөндөр оюндары Кыргызстанга 9,9 миллион доллар пайда алып келди

 

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин маалыматына ылайык, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жалпысынан жандуу күбө болгондордун саны 45 000 чукул. Ачылыш аземинде ат майданга келген элдин саны 15 миңге жеткен. Алардын 10 пайызы чет элдик туристтер болгон.  

Аталган департаменттин директору Максат Чакиев Көчмөндөр оюндарынан өлкөгө түшкөн пайданын суммасын 9,9 миллион доллар деп көрсөттү. 

“Чет элдик туристтерден 1,8 миллион доллар түшкөн. Алар Кыргызстанда оюндарга келгенде орто эсеп менен 400 доллардан сарптаган. Ал эми ички туристтер Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган сапарына орто эсеп менен 200 доллардан коротсо, алардан түшкөн каражаттын суммасы 8,1 миллион долларды түзгөн. Оюндарды өткөрүүгө бөлүнгөн 102 миллион сомду эске алганда, бул жаман эмес көрсөткүч”,- деп билдирет М.Чакиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.09.2014. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте жаман эмес,Азаматтар жакшы отту!
19.09.2014. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калганы кайда,же чын эле ошончо болдубу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: