Ак үйдүн алдына митингге чыгышкан апрелчилердин талабы президентке жеткирилет
Бүгүн, 24-январда Бишкекте Ак үйдүн алдына митингге чыгышкан "Мекен шейиттери", "Айкөл Ала-Тоо" коомдук уюмдарынын талаптары президентке жеткирилет. Митинг өтүп жаткан учурда президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов алар менен жолугушууга чыгып, айтылган талаптарды өлкө башчысына жеткирүүгө убада берди. “Мен митингге чыккан элдин кадрдык саясат боюнча талабын да президентке айтып барам. Президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылы 7-апрелде мыйзамсыздыкка каршы чыккан элдин ролун жогору баалайт”,- деди Ниязов. Ал ошондой эле Апрель окуясына байланыштуу айыпталуучулардын соту боюнча президент сотко эркиндик бергендигин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
-1

