super.kg logo
  Саясат  

Көз карандысыздык үчүн өткөн референдумда шотландиялыктардын 45 пайызы гана "ооба" деп добуш беришти, аймак Улуу Британиянын курамында калды

 
Шотландияда 18-сентябрда көз карандысыздык үчүн өткөн референдумда шотландиялыктардын 45 пайызы гана "ооба" деп добуш беришти, аймак Улуу Британиянын курамында калды. Ал эми шотландиялыктардын дээрлик 55 пайызы падышалыктын курамында калуу үчүн добуштарын беришкен. 
Жалпысынан жашоочулардын 80 пайызы референдумга катышкан. Бул тууралуу 19-сентябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Референдумдан кийин Бириккен падышалыктын премьер-министри Шотландия, Уэльс, Англия жана Түндүк Ирландияга берилген ыйгарым укуктар көбөйтүлөрүн айтты. 
Эске салсак, кечээ, 18-сентябрда референдум өтүп, анда шотландиялыктар “Шотландия көз карандысыз мамлекет болушу керекпи?” деген суроого жооп беришкен. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: