Кореядагы Азия оюндарына катыша турган спортчулардын курамы 6 спортчуга кыскарды
Кореядагы Азия оюндарына катыша турган спортчулардын курамы 6 спортчуга кыскарды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, буга чейин 121 спортчунун катышары кабарланган. Бүгүн ачылыш аземи күтүлүп жаткан мелдеште каражаттын жетишсиздигинен улам Кыргызстандын курамы 6 спортчуга кыскарып, өлкө намысын 115 спортчу коргомой болду. Тизмеден дзюдочулар Чынгыз Мамедов, Руслан Жаныбек уулу, жаа атуу спорту боюнча катыша турган Нурсултан Мамытбек уулу, Бектур Дооронбеков, оор атлетика боюнча катышары күтүлүп келген Айдар Мамадраимов жана парус спортунан күч сынай турганы айтылып келген Илья Игнатьев чыгарылды.Кошумчалай кетсек, спортчулар Кореянын Инчхон шаарына баары чогуу эмес, бөлүнүп-бөлүнүп барышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
semakg

19.09.2014. 14:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эх ушу 6спортчуга спонсор чыкпадыбы экен? Мамлекет деле каржылап койсо болмок канча акча кетет эле? Миллиондогон гранттардын изин билгизбей имерип кетип жатышатда ушу 6 спортчуга акча жок
Zarema94

19.09.2014. 21:15
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо0, Кудай! Уят!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.