super.kg logo
  Саясат  

Өкмөттө вице-премьер-министрлер пландарынын аткарылышы боюнча маалымат беришет

 

Бүгүн, 19-сентябрда өкмөттө вице-премьер-министрлер Абдырахман Маматалиев, Валерий Диль жана Эльвира Сариева иш пландарынын аткарылышы боюнча маалымат беришет. Иш-чара премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин жетекчилигинин алдында өтөт. Анын айтымында, күндүн тартибине ылайык, жыйында 5 маселе каралышы керек болчу, бирок бүгүн төртөөсү карала турган болду. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнүн жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин иш-аракеттеринин пландарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө айтып берет.

Ал эми 2014-жылдын 1-жарым жылдыгында мамлекеттик түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыгы жөнүндө экономика министри Темир Сариев өз баяндама менен чыгат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: