Бишкектеги Медициналык академияга окууга өткөрүүнү убадалап, жарандардан алдап акча алып жүргөн адам кармалды
Исламов Сухраб

Бишкектеги Медициналык академияга окууга өткөрүүнү убадалап, жарандардан алдап акча алып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 19-сентябрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Кыргыз медициналык академиясында окуп кеткен, 1986-жылы туулган Исламов Сухраб аттуу жаран алдамчылык фактысы менен кармалды. Ал буга чейин жарандардан аталган окуу жайга өткөрүүнү убада кылып акча алып жүргөн. Учурда ал милиция тарабынан колго түшүрүлүп, камакка алынды. Бишкек ШИИББи Исламов Сухрабдын алдамчылыгына кабылгандар болсо, төмөнкү телефондорго кайрылса болорун эске салат: 0772 20-04-40 же 0708 01-88-49
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
plaza85

19.09.2014. 18:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми Бишкекте пайда болуптурда Ошто да алдап жургон алдамчы кармалды эле.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.