Чүйдө 25 жаштагы жаран "аялын уюлдук телефонду кубаттоочу каражаттын зымы менен муунтуп өлтүргөн" деп шектелүүдө
Чүйдө 25 жаштагы жаран "жарандык никедеги аялын уюлдук телефонду кубаттоочу каражаттын зымы менен муунтуп өлтүргөн" деп шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 19-сентябрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринде 1979-жылы туулган айымдын жансыз денеси табылган. Милиция кызматкерлеринин айтымында, аталган жаран уюлдук телефонду кубаттоочу каражаттын зымы менен муунтулуп өлтүрүлгөн. Каза болгон айымдын өлүмүнө шектүү катары аз өтпөй аны менен жарандык никеде жашап жүргөн, мурда соттолгон Кант шаарынын 25 жаштагы тургуну кармалган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, Кант шаарынын тургуну жарандык никедеги аялы менен мас абалында урушуп кетип өлтүрүп салган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
1

Туура кабарчы мыкты жазыптыр,нукура кыргызча .Азамат
Этика нормаларына туура келбеген билдирүү жазууга тыюу салынат! Эскертүү!