Жоомарт Оторбаев министрлерге дүйнөлүк рейтингдерге көңүл бурууну сунуштады

Бүгүн, 19-сентябрда КРнын Өкмөтүнүн жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев министрлерге жана мамлекеттик мекемелеринин жетекчилерине дүйнөлүк рейтингдерге көңүл бурууну сунуштады.
Анын айтымында, Кыргызстан айрым эл аралык тизмелер боюнча ушул жылы мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөттү. “Мисалы, жалпы бизнес климатын жакшыртуу боюнча Кыргызстан 116-орундан 77-орунга көтөрүлдү. Мында өкмөттүн салымы чоң. Чет өлкөлүк адистер мындай рейтингдерге таянып, өз пикирлерин айтышат. Ошондуктан бул багытта иш жүргүзүшүбүз керек”,- деп түшүндүрдү премьер-министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

