super.kg logo
  Саясат  

Япониянын Кыргызстандагы элчилиги Талас облусунун мектептерине 57 миң 100 долларлык жардам берет

 
Япониянын Кыргызстандагы элчилиги Талас районундагы 6 мектепке жалпы суммасы 57 миң 100 долларлык жардам берет. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирди. Белгилүү болгондой, бүгүн, 24-январда Талас облусунда “Өсүмдүктүн тамыры жана адам коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында Япониянын Кыргызстандагы убактылуу жана ишенимдүү өкүлү Ясумаса Иидзима менен Талас районунун акими Байрак Сейдибалиев атайын келишимге кол коюшту. Аталган долбоордун алкагында райондогу Р.Айдаралиев, Ж.Алымкулов, М.Мамбетов, Б.Жанузаков, А.Солтонов, М.Козубеков атындагы орто мектептерине парта, отургуч, класстык тактай, окуу китептери үчүн шкаф, китеп коюучу жабдык, кийим илгич, жыйын залы үчүн отургучтар берилмекчи.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: