Каржы министрлиги: Жыл башынан бери “капиталдык салымдар” беренесине бюджеттен 1 миллиард 992 миллион сом жумшалды
Жыл башынан бери “капиталдык салымдар” беренеси боюнча республикалык бюджеттин чыгашалары 1 миллиард 992 миллион сомду түздү. Муну 19-сентябрда Каржы министрлиги кабарлады. Алардын ичинен билим берүү мекемелеринин курулушуна 700 миллион 552 миң сом, саламаттык сактоого 168 миллион 442 миң сом, маданият жана спортко 44 миллион 920 миң сом, жол тармагына (автожолдорго жана көпүрөлөргө) 252 миллион 447 миң сом бөлүнгөнү айтылды. "Калган каражаттар турак жай-коммуналдык чарба объекттеринин, суу чарба курулмаларынын жана башка объекттердин курулушуна бөлүндү",- деп билдирет министрлик.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

