28 жаштагы жаран өз үйүнөн унаасын артка айдап бара жатып бир жарым жашар кызын тебелеп кеткен
Кечээ, 19-сентябрда Бишкек шаарынын Келечек жаңы конушунда 28 жаштагы Нургазы аттуу жаран өз үйүнөн унаасын артка айдап чыгып бара жатып бир жарым жашар кызын тебелеп кеткен. Бир жарым жаштагы Рахима ошол жерден жан берген. Бул тууралуу 20-сентябрда Бишкек ШИИББинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул кырсык боюнча чогултулган бардык материалдар Бишкек шаардык тергөө башкармалыгынын жол кырсыктарын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
-4

Биздин да баштан өткөн! Акемдин 2жашар баласын аяш атасы тебелеп алган! Бала байкуш аябай чачырып кеткен экен эле!
Ызаланганым, тагдырга таарынгамын ошондо!
Москвага кеткенимде төрөлгөн болчу, кайра Москвадан келген күнүмдө, жерге беришкен!
Кудайга керек экен, өзү берди өз алды дешип!
Үйдөгүлөр кыял жоруктарын,
Ашыгып келип тирүү көрбөй калдым!
Эми көрүп күйбөй эле кой, сен көрө турган акыбалда эмес дешип киргизбей коюушкан!
Жашоо мынча татаал болбосо экен!
Анын артынан ооруп жүргөн атамда күйүтүнө чыдабай бир жумадан соң, жарабызды жаңылап бизди таштап кете берди!
Алтындарым ордуңар бейиштен болсун! Топурагыңар торкол
Абайлагылачы адам өмүрү бир келет!
Жоготуу бул орду толгус!
Баарына аман-эсенчилик тилеймин!
1. Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
2. Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.