Инчхон-2014: Альбина Мамбетова ушу-саньда боюнча биринчи беттешинде жеңишке жетишти















Кечээ, 20-сентябрда Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында кыргызстандык Альбина Мамбетова биринчи беттешин өткөрүп, жеңишке жетишти. Ал ушу-саньда боюнча 52 килограмм салмактык бөлүктө пакистандык Хиба Моаззам менен кез келип, 2 раунддун жыйынтыгында жеңишке жетишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Альбина кезектеги беттешин эртең, 22-сентябрда кытайлык Луан Чжанга каршы өткөрөт. Эгер жеңишке жетишсе, жарым финалдык жолдомого ээ болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.