super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте улан-кыздар стриптиз үчүн шыргыйда татаал жана күлкүлүү ыкмаларды аткарышты (фоторепортаж)

 
Мелдеш Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында өттү.
Бул мелдеш төртүнчү ирет өтүп жатканын уюштуруучулар кабарлашты.
Мелдештин катышуучуларынын өнөрлөрүн тажрыйбалуу 6 калыс баалады.
Калыстар тобу көрүүчүлөрдүн арасында отурушту.
"Спорт сүйүүчүлөрү-1" категориясынын катышуучусу. (8 айга чейин машыккан)
"Спорт сүйүүчүлөрү-1" категориясынын катышуучусу. (8 айга чейин машыккан)
Иш-чаранын жүрүшүнөн...
Катышуучулар жакын досторуна жан тартып жатышты.
Мелдеште өз кезегин күтүп тургандар учурдан пайдаланып даярданып да жатышты.
Мелдеште өз кезегин күтүп тургандар учурдан пайдаланып даярданып да жатышты.
Көрүүчүлөр стрип-пластика боюнча мастер-класска күбө болушту.
Стрип-пластика боюнча мастер-класс.
Ар бир номер бүткөн соң жардамчылар шыргыйларды сүртүп жатышты. Айта кетсек, шыргыйдын диаметри 4,5 сантиметрге барабар.
Ар бир номер бүткөн соң жардамчылар шыргыйларды сүртүп жатышты. Айта кетсек, шыргыйдын диаметри 4,5 сантиметрге барабар.
Эркектер да шыргыйда өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Эркектер да шыргыйда өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

20-сентябрда Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында шыргый менен коштолгон акробатика боюнча 4-республикалык чемпиондук өттү.

Анда жалпысынан 30дан ашуун спортчу катышты. Алар тажрыйбага жана акробатиканын түрүнө ылайык бөлүнүп, төмөнкү 5 категория боюнча күчтөрүн сынашты:

1) “Спорт сүйүүчүлөрү-1” категориясы (8 айга чейин машыккандар);

2) “Спорт сүйүүчүлөрү-2” (8 айдан 1,5 жылга чейин машыккандар);

3) “Артисттик” (артисттик өнөргө көбүрөөк көңүл бурулган номер);

4) “Акробатика” (күч менен коштолгон ыкмаларга көбүрөөк көңүл бурулган номер);

5) “Эркектердин акробатикасы”;

6) Дуэттер (эки адам катышкан номер).

Мелдештин жыйынтыгында “Спорт сүйүүчүлөрү-1” категориясында Наталья Бережная, Анастасия Слугина жана Валерия Шустова жеңүүчү болушту. “Спорт сүйүүчүлөрү-2” категориясынын мыктыларынын катарына Асел Ибраева, Виктория Глущенко жана Кайыргүл Жакшылыкова киришти.

Калыстар тобу шыргыйда эң мыкты артисттик номерлерди көрсөткөн деп Каныкей Сейтказиева, Ольга Самченко жана Майя Пахомованы сыйлашты. Ал эми эң оор болуп саналган “акробатика” категориясы боюнча Елена Бертхольд жеңишти багынтты. Анын атаандаштары Юлия Барткевич, Ася Багдасарова күмүш жана коло медалдарга ээ болушту.

"Уландардын акробатикасы" категориясында судьялар Рустам Дөөлөткуловду, Темирлан Маматовду жана Файз Орозбаевди мыкты деп табышты. Ал эми мелдешке катышкан 2 дуэттен Ксения Балакирева жана Екатерина Шевцованын номери калыстарга гана эмес, жалпы көрүүчүлөргө да жакты.

Айта кетсек, шыргый менен коштолгон акробатика боюнча Республикалык чемпиондук 2010-жылы башталган. 






Бишкекте шыргыйда бийлөө боюнча чемпиондук өттү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(6)
22.09.2014. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыздар ничёшкалар экен !!
22.09.2014. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне гимн кыргыздарга эле тийешелуубу?башкалар жон эле турушат.
22.09.2014. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
myrza80, мен да ошону айтайын деп жаткам.
22.09.2014. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыз кыздары менен кыргыз жигиттери бийлебей эле койсо жакшы болмок. "каргага тенелип каздын буту сынат" болбой. :-)
22.09.2014. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушу кыргызбыз да бирибизди бирибиз басынтып эле турабыз
22.09.2014. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гимнге чын эле кыргыздарга эле керек го бирок ошентип туруп койгондоруна рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: