super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн шайлоо мыйзамдарын жакшырта турган мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу болот

 

Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзам долбоорлоруна (Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамынын долбоорлору) коомдук талкуу өткөрөт. Аталган мыйзам долбоорлору төмөнкүлөргө багытталат:

- республикалык жана аймактык болуп эки бөлүктөн турган саясий партиялардын талапкерлеринин бирдиктүү тизмесин түзүүдө жаңы тартипти аныктоого;

 - шайлоочуларды идентификациялоо (биометриялык маалыматтар), добуштарды саноо жана шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруу үчүн жаңы автоматташтырылган технологияларды шайлоо практикасына киргизүүгө;

- саясий партиялардын шайлоо фонддорунун өлчөмүн көбөйтүүгө; 

- преференттик добуш берүүнү орнотууга, б.а. шайлоочулар өздөрүнүн добуштарын саясий партиянын тизмесиндеги конкреттүү талапкерге берүүсүнө; 

- колдонуудагы мыйзамдарда табылган кемчиликтерди, карама-каршылыктарды, эки ачакей, түрдүү түшүнүүлөрдү жаратканын эске алуу менен колдонуудагы шайлоо мыйзамдарынын базасында шайлоо мыйзамдарынын унификацияланган бирдиктүү укуктук негизин түзүүгө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: