super.kg logo
  Саясат  

"Асылбек Жээнбеков муфтияттын ишине кийлигишип жатат ” деген сөз жалган” дейт спикердин басма сөз катчысы

 

Бүгүн, 22-сентябрда айрым укук коргоочулар маалымат жыйын өткөрүп, анда: “Депутаттар Мусулмандар дин башкармалыгында “Таблиг жамаат” уюмунун жайылышына жардам берип жатышат. Муфтий Максатбек ажы Токтомушев жана муфтият кызматкерлеринин 70 пайызы бул уюмга мүчө. Ал эми Токтомушев муфтийликке парламент төрагасы Асылбек Жээнбековдун жардамы менен келип отурган”,- деп билдиришти. Парламент төрагасынын басма сөз катчысы Нурканбек Керимбаев укук коргоочулардын айткандарын төгүнгө чыгарды.  

Анын айтымында, спикерге карата бул айтылган сөз негизсизӨзүн укук коргоочу деп атаган Келдибек Аскаралиевдин Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын ички ишине кийлигишип жатат” деген билдирүүсү чындыкка коошпойт. Кыргызстандын муфтийи кимдир бирөө тарабынан кызматка дайындалбай, Уламалар кеңеши тарабынан шайланат. Мындай жагдай анын ишмердүүлүгүнө, анын ичинде кадрдык чечимдерине да кимдир бирөөнүн таасир этүүсүнө мүмкүнчүлүк бербейт. Аскаралиевдин билдирүүсү бир тараптуу, атайын максатты көздөгөн мүнөздө болуп турат”,- деди басма сөз катчы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: