super.kg logo
  Саясат  

Каржы министринин орун басары: "Мугалимдердин айлыгын этап-этабы менен көтөрсө болот"

 

Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңеште мугалимдердин маянасын жогорулатуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун биринчи отуруму өттү. Парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев билим берүү тармагында каралган ар бир тыйын кайда кетип жатканын жана анын максаттуулугун иликтеп чыгуу зарыл экенин айтты. Жыйындын жүрүшүндө жогорку окуу жайларды өзүнчө, мектептерди өзүнчө жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерин өзүнчө кароо сунушталды. Республикалык кошуундар бирлигинин өкүлү Кубатбек Ниязбеков типтүү штаттар бекитилген өкмөттүн токтому менен тиешелүү инструкциялар дал келбестигине токтолуп, токтомду өзгөртүү зарылдыгы турганын белгиледи. Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев мугалимдердин маяналарын этап-этабы менен көтөрүү жагына мүмкүнчүлүктөрдү караса болоруна токтолсо, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевалгач категория, кошумча төлөмдөр жана башка жагдайларды эсептеп чыгып, андан кийин кирешелердин түзүмдөрүн кайра кароо керек” деди ал.  

Соңунда кийинки отурум 29-сентябрга белгиленип, анда Билим берүү, илим министрлиги бул багытка жумшала турган каражаттардын максаттуулугун аныктоо үчүн так эсеп-счётторду алып келмей болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: