super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар ата-энесиз балдарга коомдук унаада жүрүүнү акысыз кылууну сунушташууда

 
Парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин 22-сентябрдагы жыйынында депутат Наталья Никитенко ата-энесиз жана балдар үйүнөн тарбияланып чыккандарга коомдук унаада акысыз жүрүү боюнча билет берүүнү сунуштады. Депутат алардын ишке орношуусундагы көйгөйлөрдү чечүү зарыл экенин да айтты. Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаевдин билдиришинче, ата-энесиз жарандар эс тартып, 18 жаштан өткөндөн кийин бала деп эсептелбейт. Муну менен депутат Мирлан Бакиров макул эмес. 
"Жетим өмүр бою жетим бойдон жүрөт. 18 жаштан кийин анын ата-энеси пайда болуп калбайт. Жетимдерге мамлекет ата жана эне болот, аларга милдеттүү түрдө жардам бериши керек",- дейт депутат.
Жыйынтыгында депутаттар демилгени колдоого алышты. Каржы министрлигине мыйзам долбоорун кабыл алуудан кийинки чыгымдарды эсептеп чыгуу тапшырмасы берилди.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: