Филармониянын астында "жалгыз митингчи" Өндүрүш Токтонасыров ырчы Бек Борбиевге каршы кезектеги акциясын уюштурду





Бүгүн, 22-сентябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын астында "жалгыз митингчи" делген Өндүрүш Токтонасыров кезектеги нааразычылык акциясын уюштурду. Эгер ал буга чейин нааразычылыгын жалгыз билдирип келсе, бул жолу активист пикирлеши менен келди.
Автор: Нургазы Аматов
Фото: Нургазы Аматов
Ө.Токтонасыров бул митингинде "Бек Борбиевдин концертине кош келипсиздер!" жана ошол эле учурда "Филармония менчик эмес! Зал бошотулсун!" деген плакаттары менен чыкты.
Анын айтымында, Кыргызстандын бийлиги Б.Борбиевге концерт өткөрүүгө уруксат берип, өзүнүн эки жүздүүлүгүн көрсөтүп жатат. Ал эми буга чейинки акциясында Токтонасыров ырчыны "КРнын Эмгек сиңирген артисти" жана "Рыспай Абдыкадыров атындагы сыйлыктын лауреаты" наамдарынан ажыратуу талабы менен чыккан.
Айта кетсек, учурда филармонияда Бек Борбиевдин чыгармаларын аткаруучулардын арасында “Делбирим” аттуу сынак өтүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
-1

Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат.
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоодон алыс болсоңуз.
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого жол берилбейт.
Не айыбы. Ал эми Бакиев кылган жакшы иштерди азыркылар жасайалышпайтатко. Зомби дегидей дал ошол олтуртуптурбу балким так талашып бактылуу окмот озу жасап ага илгендир.
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөргө тыюу салынат.
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.