super.kg logo

Депутат: “Биометрикалык маалыматтарды топтоодо адам укуктары бузулбайт”

 

Бүгүн, 23-сентябрда “Жарандардын биометрикалык маалыматтарын каттоо” жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Галина Скрипкина: “Биометрикалык маалыматтарды топтоого каршы чыккандар Конституциянын тиешелүү мыйзамдарына таянып, “адам укуктары бузулуп жатат” дешүүдө”,- деп билдирди.

Анын айтымында, коомчулук аталган маалыматтарды чогултуунун максатын толугу менен түшүнбөй жатышат. “Алар кайсы бузулуп жаткан укуктар жөнүндө айтып жатышат? Мисалы, ар бир жаран паспорт алып жатканда сүрөтүн алып келип, колун коёт. Биометрикалык каттоодон өтүп жатканда ушул эле маалыматтарды берет. Бир гана айырмасы - манжалардын издерин тапшыруу. Эгер жаран кылмышкер эмес, мыйзамды коргогон болсо, неге ал коркушу керек? Анын эч кандай укуктары бузулбайт”,- деди ал.

Мындан тышкары эл өкүлү биометрикалык маалыматтарды чогултууга каршы чыккандардын Конституцияны терең изилдеп, ар пунктун так түшүнүп алууларын, өзүнө ылайыктап айта бербөөсү керек экендигин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: