Биометрикалык маалыматтын сыртка чыгып кетишине күнөөлүүлөргө катуу жаза колдонулары айтылды
"Биометрикалык маалыматтын сыртка чыгып кетишине күнөөлүүлөрдү табуу жеңил",- деди бүгүн, 23-сентябрда жарандардын биометрикалык маалыматтарын каттоо маселесине арналган жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Галина Скрипкина. Анын айтымында, 2014-жылдын 30-июнунда парламент “Жарандарды биометрикалык каттоо жөнүндө” мыйзамды колдоп, 14-июлда президент ага кол койгон. “Биометрикалык маалыматтардын базасын коргоо маселесине чоң көңүл бурулган. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин бул маалыматтарды коргоого тиешелүү беренелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Биометрикалык маалыматтын сыртка чыгып кетүүсүнө күнөөлүү жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек”,- деди эл өкүлү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















