Баткенде 23 жаштагы куткаруучу өз үйүндө асынып алды
Баткенде куткаруучу каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 23-сентябрда SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 22-сентябрь күнү саат 11:30 чамасында болгон. Анда Издөө-куткаруу отрядынын экинчи мобилдик куткаруу тобунун контракттык кызматтагы куткаруучу-нускоочусу, 1991-жылы туулган кенже сержант Эрмек Асланов өргүүдө жүргөн жеринен өз үйүндө асынып алган. Мунун кесепетинен куткаруучу каза тапкан. Азыркы убакта окуя боюнча Баткен шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө тобу тарабынан иликтөө иши жүргүзүлүп жатат.
Айрым өздүк булактардын маалыматына караганда, маркумдун асынып алышына сүйлөшкөн кызы менен болгон келишпестиктер себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Кабарда "Айрым өздүк булактардын маалыматына караганда" деп жазылган.