super.kg logo

"Тазалык" ишканасынын 29 миллион сом зыян тарткандыгы жөнүндө биринчи жолу угуп жатам" дейт аталган ишкананын жетекчиси Рысбек Сарпашев

 

Нариман Түлеевдин сотунда "Тазалык" ишканасынын башчысы Рысбек Сарпашев Виталий Корниенконун жактоочусунун суроолоруна жооп берип жатып, "Тазалык" муниципалдык ишканасы 29 миллион сом зыян тарткандыгы жөнүндө биринчи жолу угуп жатам" деди. Ал эми Нариман Түлеевдин коомдук жактоочусу "Тазалык" ишканасынын башчысы Р.Сарпашевге "Сиз башкарган ишкананын атынан сиздин колуңуз коюлган арыз турат. Бирок сиз "Тазалык" зыян тарткан жок деп жатасыз. Демек, сиз жазган арызыңыздан баш тартасызбы?" деген суроо узатты. Буга Сарпашев "зыян тартпаса баш тартам да" деп жооп берди. Коомдук жактоочу бул нерсени протоколго киргизүүнү өтүндү.

Маалыматтарга караганда, "Тазалыктын" өкүлү буга чейин сотто аталган ишкана таштанды жыйноочу унааларды алып келүүдөгү тендерде 29 миллион сом зыян тарткандыгын билдирген болчу. Айта кетчү жагдай, "Тазалыктын" учурдагы башчысы таштанды чогултуучу унаалар боюнча тендерге жетекчилигинин кысымы менен баргандыгын билдирди. Ошол кездеги жетекчилигинин жумуштан бошотуу опузасынан улам тендер тууралуу документтерге кол койгон, бирок тендерге түздөн-түз катышкан эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: