super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик тил күнү менен кыргыз элин куттуктады

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-сентябрда Мамлекеттик тил күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Президенттик аппараттан билдиргендей, мамлекет башчынын куттуктоосунда булар айтылат:

“Урматтуу мекендештер! Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Кыргыз тили - мамлекеттүүлүгүбүздүн белгиси, элибиздин ынтымагынын, биримдигинин негизи, көөнөрбөс руханий казынабыз. Мындан туура 25 жыл мурда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети атайын мыйзам кабыл алып, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын ыйгаруу менен эгемендүү мамлекетти курууга карай орчундуу кадам жасаган. Мыйзам кабыл алынгандан бери мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган бир канча жарлыктар, токтомдор жана программалар иштелип чыкты. Алардын ар бири кыргыз тилинин коомдогу ордунун бекемделишине өз таасирин тийгизди.

Мамлекеттик тилди дагы да кеңири колдонууга жетишүү, аны этностор аралык баарлашуунун тилине айлантуу максатында президенттин жарлыгы менен быйыл "2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы" кабыл алынды. Элибиздин биримдигин чыңдоого шарт түзө турган бул стратегиялык документти ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн бийлик жана коомчулук биргелешип аракеттенип жатат.

Эгемендүүлүктүн туусун бийик желбиретип, өнүккөн өлкөнү куруу үчүн мамлекеттик тил данакерлик, жаратмандык милдетти өтөшү керек. Адамзаттын маданий кенчи - "Манас" сыяктуу мухиттей теңдешсиз эпостун, Алыкулдун, Чыңгыздын тили ар дайым Кыргызстан элинин ынтымагына, жакшылыгына, өнүгүүсүнө өбөлгө болсун.

Тилибиз түптүү элдин, уюткулуу улуттун, өнүккөн өлкөнүн мамлекеттик тили катары жогорку деңгээлге көтөрүлөт деп терең ишенем".

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: