super.kg logo

Көк-Кашат айылында убада кылынган мектеп кийинки жылы толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет

 

Талас районунун Көк-Кашат айылында убада кылынган мектеп кийинки жылы толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Билим берүү жана илим министрлигинин Инфраструктура жана мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы Бакыт Кадыркулов SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, Көк-Кашат айылындагы 375 орундуу мектеп 2 жыл мурун башталган. Бүгүнкү күнгө чейин курулуш иштеринин бүтпөй жатышына акча каражаттарынын убагында бөлүнбөгөнү себеп болууда.

“Мектептин жалпы сметалык баасы 75,5 миллион сом. Буга чейин мектептин дубалы тургузулуп, чатыры жабылган. Быйылкы жылга бюджеттен 12 миллион сом бөлүнгөн. Кийинки жылга 33 миллион сом бөлүү пландаштырылууда. Кудай буюрса, 2015-жылдын 1-сентябрына толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет”,- деди Бакыт Кадыркулов.

Айта кетсек, буга чейин SUPER.KG порталына аталган айылдын тургуну кайрылып, анда ал 2 жыл мурун убада кылынган мектеп бүтпөй, окуучулар ар тарапта окуп жатышканын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.09.2014. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Быйыл окуучулар суукда кайда окушат. Китеп кана кантрамарка мн жылыйт. Асты цемент магазиндин эч кандай жылыта турган эч нерсеси жок. 2015-жылга чейин окуучулар кайда барат????????
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: