"Президенттин “өкмөттө "чоочун" министрлер иштеп жатышат” деген сөзүнө өкмөт жооп бериши керек" дешти депутаттар
“Президент Алмазбек Атамбаев 31-августта “өкмөттө "чоочун" министрлер иштеп жүрүшөт” деп айтты. Андай болсо өкмөт бизге жооп бериш керек, “биз "чоочундар" менен коштошуп баштадык” деп”,- дейт депутат Мыктыбек Абдылдаев. Депутат бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында билдирди.
“Мейли, президент айткандай, өкмөттө кимдер “чоочун” экенине премьер-министр жооп берсин. Азырынча эки министр отставкага кетти. Эгер алар "чоочун" болсо, Оторбаев жооп берсин, “биз "чоочундар" менен коштошо баштадык” деп. Эгерде дагы бар болсо айтсын”,- деди Абдылдаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
Рейтинг:
0

