super.kg logo
  Саясат  

"Көмүрдүн баасы негизсиз көтөрүлбөшү керек" деди өкмөт өкүлү

 

Бүгүн, 23-сентябрда вице-премьер-министр Валерий Диль Бишкек шаарынын кышка даярдыгын текшерүү боюнча иш сапарын улантты. Аламүдүн отун базасына барган вице-премьерге Свердлов районунун акими Алтынай Өмүрбекова жыл сайын көмүргө болгон муктаждык 44-50 миң тоннаны түзөрүн билдирди.

“Бир катар билим берүү мекемелеринде 711 миң сом суммасына терезе пакеттери алмаштырылып, жылуулук трассалары жана жылытуу тармактары оңдолгон. Мындан ары карай бюджеттик уюмдар оңдоо иштерин жүргүзүүдө дубал, чатыр жана терезелерди жылытууга көңүл бурушу зарыл. Бүгүнкү күнгө карата энергетиканы үнөмдөө жана жылуулатуу иш-чаралары акча каражатын үнөмдөөгө көмөк көрсөтөрү тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө",- деди Өмүрбекова.

Отун базалары боюнча Валерий Диль Бишкек шаарынын чегинде жайгашкан бардык отун базаларына калкка ылайыктуу болуш үчүн 7 күндүк ишке өтүүнү тапшырды.

“Акыркы жылдары республикада калкты көмүр менен камсыздоо иши натыйжалуу жүргүзүлүүдө. Эң негизгиси, кыштын жакындап калышына таянып, көмүргө карата баа негизсиз жогорулатылбашы керек. Эч кандай бааларды жасалма түрдө көтөрүү орун албашы керек, баары графикке ылайык жүргүзүлүшү шарт”,- деди вице-премьер. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: