"Абоненттердин 3 фазасын өчүрүүдө "кыргызчылык" болбосун" деди Жоомарт Оторбаев
Өкмөттө быйылкы кышка даярдык көрүү маселеси каралууда. Жыйында өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев электр энергиясы боюнча абоненттердин 3 фазасын өчүрүү ойдогудай жүрбөй жатканын айтты. "Жарандар инспекторлорго акча беришип, өчүрттүрбөй калган учурлар бар экени айтылууда. Ош облусу боюнча 1744 үч фазалуу абонент болсо, алардын 446сыныкы өчүрүлдү деген маалымат түштү",- деди премьер.
Оторбаев үч фазаны тегиз өчүрүү тапшырмасын берди. "Жеке үйлөр көмүр менен жылытууга өтүшү керек. Көңүл бургула, бул маселени чечүүдө эч кандай "кыргызчылык" болбосун",- деди өкмөт жетекчиси.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















