super.kg logo

Бишкектеги №4-төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн ымыркайдын сатылышы боюнча сот отуруму 6-октябрга жылдырылды

 

Бишкектеги №4-төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн ымыркайдын сатылышы боюнча сот отуруму 6-октябрга жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы бүгүн, 23-сентябрда билдирди.

Маалыматтарга ылайык, бүгүн Бишкек шаардык сотунда айыпталып жатышкан Бегайым Алиева жана Шарапат Мамырканованын иши боюнча сот отуруму башталган. Бирок күбөлөрдүн келбегендигине байланыштуу кийинкиге жылдырылган.

Эске салсак, өткөн жылдын 5-ноябрында Бишкектеги №4-төрөт үйүнөн ымыркай уурдалганы маалымдалган. Кийин 10 күнгө жетпей ымыркай Асанбай кичи районунан табылган. Аталган кылмышка шектүү катары эки дарыгер айым жана ымыркайды сатып алган аял кармалган эле. Кылмышка шектүү болгон Нуржан МекеноваШарапат Мамырканова жана Бегайым Алиеванын иши боюнча сот отуруму 19-июнда болгон. Соттун чечимине ылайык, Бегайым Алиева менен Шарапат Мамырканова 15 жылга эркинен ажыратылышса, Нуржан Мекеновага 270 миң сом айып пул салынган. Биринчи инстанциянын чечимине макул болбогон жактоочулары апелляциялык түрдө Бишкек шаардык сотуна арызданышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.09.2014. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а жанакы киши олтургондорду.эмнеге кое беришет соттор или как там бо.тор беле.состояния афекта дешип.булар деле ошентип койушпайбы.
24.09.2014. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соттош керек, же жылдыра баштаптыр буларды да койо беришеби андан коро тоок уурдагандарды камайлы деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: