Кыргызстанда 4 салык кызматкери аттестациядан өтпөй калды
Сентябрь айында Мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Көл, Нарын, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы жана Ош шаарындагы кызматкерлери аттестациядан өтүштү. Жалпы 338 кызматкер сынактан өтүшү керек болсо, анын 325и катышты. Жыйынтыгында 271 кызматкер ээлеген кызматына татыктуу, 4 адис татыктуу эмес деп табылганын Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Жогорку упай алган 26 кызматкерди кызматтарынан жогорулатуу сунушу берилсе, 24 кызматкер 6 айдан кийин кайрадан аттестациядан өтүшмөкчү.
Аттестация 3 этап менен өттү: компьютердик тест, калп тапкычтан өтүү жана аңгемелешүү. "Аттестациянын максаты - мамлекеттик кызматкердин кызматтык жана кесипкөйлүк ишмердүүлүгүн калыс баалоо",- деп билдирет мекеме.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
1
1
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















