Евгений Плющенко спортко кайтып келип, кезектеги Олимпиадага катышууну көздөөдө

Муз үстүндө бийлөө боюнча Кышкы Олимпиада оюндарынын 2 жолку чемпиону, белгилүү орусиялык спортчу Евгений Плющенко кайтып келип, кезектеги Олимпиада оюндарына катышат. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, 31 жаштагы спортчу “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасында далысындагы оорудан улам жекеликте оюн көрсөтө алган эмес. Жакында операциядан соң ал 2018-жылы Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарына катышуу ниети бар экенин билдирген.
Кошумчалай кетсек, Пхёнчхан шаарында Кышкы Олимпиада оюндары 2018-жылдын февраль айында өтөт. Плющенко буга чейин акыркы 4 Кышкы Олимпиадага катышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Elmara

24.09.2014. 15:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оппа мына сага жанылык!Эми спортко кайтпайм деп кайра-кайра интервью берген эле,убагында...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.