super.kg logo
  Саясат  

Эльвира Сариева "билим берүү тармагын реформалоо - турмуш зарылдыгы" деди

 
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева 24-сентябрда Азия өнүктүрүү банкынын Борбордук жана Батыш Азия боюнча департаментинин башкы директору Клаус Герхаузер менен жолугушту. Жолугушууда Сариева билим берүү тармагында көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн конокко ыраазычылык билдирди. "Билим берүү министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын кызматкерлери менен бирге "Билим берүү системин бекемдөө - тармакты өнүктүрүү программасы" деген жаңы долбоор иштеп чыкты. Бул билим берүү системи үчүн комплекстүү реформа жасоого багытталган. Билим берүү системин реформалоо 3 багытты камтышы керек. Биринчиси - окуу-методикалык комплекстердин стандарттык сапатын жакшыртуу, экинчиси - мугалимдердин ишинин сапатын көтөрүү, үчүнчүсү - мугалимдердин билим деңгээлин жогорулатуу программасы. Тармакты реформалоо тар түшүнүк эмес, турмуштук зарылчылык",- деди өкмөт өкүлү. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: