super.kg logo
  Спорт  

Кол күрөш боюнча өткөн Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандыктар 5 медаль утуп келишти

 
"Мастер" категориясында байге алган Александр Ли
Күмүш медалдын ээси Евгений Лукьянов

Кол күрөш боюнча (армрестлинг) 14-21-сентябрь аралыгында Литвада өткөн Дүйнө чемпиондугунда кыргызстандыктар 5 медаль утуп келишти. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда маалымат жыйынында аталган спорт түрү боюнча федерациянын өкүлдөрү маалымдашты.

Маалым болгондой, Дүйнө чемпиондугуна 46 мамлекеттен 920 спортчу катышты. Кыргызстандын атынан мелдешке 10 спортчу катышып, 5 медаль утуп келишти. Командалык эсепте Орусия биринчи орунду ээлесе, Украина менен Казакстан кийинки орундарды өз ара бөлүшүшкөн. Кыргызстан курамасы болсо 18-орунга илинди. 

Кыргызстандын курамынан Чынгыз Мамакеев 65 килограмм салмакта 18 жаштан 21 жашка чейинки курактагы спортчулар арасында алтын медаль утуп алды. Ал эми Евгений Лукьянов (110 килограмм салмакта) менен Александр Ли күмүш медалдарды багындырышты. Кыз-келиндер арасында жалгыз гана Ольга Ярославцева байгеге илинип, 1 коло, 1 күмүш медалга ээ болду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(1)
24.09.2014. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
А чынгыз кана?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: