super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Төрөбековго "жасалма диплом пайдаланган" деген шек менен кылмыш иши козголду

 

Жогорку Кеңештеги "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Нурлан Төрөбековго кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 24-сентябрда билдирди. Маалыматтарга караганда, 2013-жылы Нурлан Төрөбеков КРнын Президентинин аппаратына өзүнүн Кыргыз улуттук университетин бүткөндүгүн тастыктаган дипломдун көчүрмөсүн тапшырган. Анын негизинде Төрөбековго "Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" деген класстык чин берилген.

Бирок дипломдорду берүүдөгү каттоо китебинде Нурлан Төрөбековго диплом берилбегени ачыкталган. Депутат президенттик аппаратка тапшырган дипломдун каттоо номуру менен башка сериядагы диплом бөлөк адамга берилгени белгилүү болгон.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө таянсак, ЖК депутаты жасалма диплом колдонуу менен кошумча укуктарга ээ болуп келген. Учурда ага карата “алдамчылык” жана “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: