Кыргызстанда ар бир үй-бүлөдөгү төртүнчү, бешинчи жана андан кийинки балдарга атайын жөлөк пул бөлүнөт
Кыргызстанда ар бир үй-бүлөдөгү төртүнчү, бешинчи жана андан кийинки балдарга атайын жөлөк пул бөлүнөт. Муну 24-сентябрда "Парламент" радиосунун түз эфиринде депутат Айнуру Алтыбаева билдирди. "Балдары бар үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" мыйзам долбоору даярдалууда. Ага ылайык, үй-бүлөдөгү төртүнчү, бешинчи жана кийинки балдарга кийинки индексация менен үч миң эсеп көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү жөлөк пул каралат. Тактап айтканда, 300 миң сомго барабар келген сумманы эне капиталы деп айтсак дагы болот. Мындай жөлөк пулду белгилөө жана төлөө тартиби өкмөт тарабынан белгиленет",- дейт депутат.
Алтыбаева мыйзам долбоору Кыргыз Ресупубликасынын Конституциясына жана башка ченемдик-укуктук актыларга каршы келбейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

