super.kg logo

Аксыда былтыркы жылы катталган адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды

 

Аксыда былтыр катталган адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМден бүгүн, 24-сентябрда кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, 2013-жылы Аксы районунун Чий айылынын Д.Т. аттуу тургуну өз үйүндө белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлгөн. Иликтөөдө аталган жаран үй-бүлөсүнүн кетип калгандыгына байланыштуу жалгыз жашап келгени аныкталган. Бирок ал учурда кылмышка шектүү адам табылган эмес. Кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында Д.Т. каза болгон күнү аны менен чогуу А.А. аттуу жаран жүргөндүгү белгилүү болуп, шектүүнү издөө иштери жүрүп баштаган. 

Жакынкы убакта буга чейин из жашырып жүргөн А.А. укук коргоо органдары тарабынан колго түшүрүлдү. Иликтөөдө А.А. аттуу жаран Д.Т. аттуу жердеши менен алкоголдук ичимдиктерди ичип отуруп, ортодо чыккан уруш учурунда катуу ур-токмокко алып өлтүрүп алганы ачыкталган. Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.09.2014. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин да жолдошумдун эки баламдын атасынын олумунун бети ачылса кана?Бирок андай болбой калды го.анткени алар жети баштуу биздин,,МИЛИЦИОНЕРЛЕР"Умутум деле узулуп калды:-( :-(
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: