super.kg logo

Ырчы Бек Борбиев чыгармачылык кечесинде күйөрмандар менен бирге ырдады

 
Сахна сыртында. Бек Борбиевге күйөрманы каалоо-тилек айтып жатат.
Сахна сыртында ырчылар Алтынбек Алымов жана Дайыр Исмадияров.
Алып баруучулук милдетти аркалаган Рысбек Жантөрөев, Нурзат Токтосунова жана Манас Алыкулов.
Концерттин жүрүшүнөн.
Бул күнү туулган күнүн белгилеген Бек мырзага кыздар сахнага торт көтөрүп чыгышты.
Бек Борбиевдин чыгармачыл достору Бек мырзаны куттуктап чепкен кийгизишти.
Бек Борбиев "Бишкек-Алматы" ырын аткарып жатат.
Концертте көрүүчүлөр туруп алып кол чабышты.
Ырчылар Бек Борбиев жана Алтынбек Алымов.
Ырчылар Ильяз Абдыразаков менен Бек Борбиев "Окуучулук кайыгым" ырын аткарып беришти.
Ырчылар Гүлнур Сатылганова менен Бек Борбиев "Ак көгүчкөн" ырын тартуулашты.
Концертке ырчылар Жаныш Момунов жана Сапар Эркебаев да келишиптир.
Ырчы Асел Турдалиева жана Бек Борбиев "Биздин сүйүү ушундай" ырын аткарышты.
Концерттин коноктору Айчүрөк Иманалиева жана Курал Чокоев "Айла жок" ырын аткарып беришти.
Ырчылар Асел Турдалиева жана Алихан "Келчи, гүлүм" ырын аткарып жатышат.
Асел Турдалиева эл аралап ырдады.
Концерттин коноктору болгон казакстандык "МузАрт" тобу "Тамчы шүүдүрүм" ырын аткарышты.
Концерттин коноктору болгон казакстандык "МузАрт" тобу "Тамчы шүүдүрүм" ырын аткарышты.
Концерттин эң кенже коногу.
"Делбирим" аттуу сынактын катышуучуларынын талантын баалаган инсандар жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу үчүн сахнага чыгышты.
Сынактын катышуучулары.
Сынактын жеңүүчүлөрү диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Баш байгеге ээ болгондордун бири "Добулбас" тобу.
Баш байгеге ээ болгондордун бири казак ырчысы Нурболат Абдулин.
SUPER.KG порталынын колдонуучуларынан эң көп добуш топтогон “Добулбас” тобуна уюштуруучулар тарабынан даярдалган Ардак грамота жана акчалай сыйлыкты SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова тапшырды.
“Добулбас” тобу SUPER.KG порталынын колдонуучуларынан эң көп добуш топтоду.
"Добулбас" тобу "Бишкекке" аттуу ыры менен.
Казак ырчысы Нурболат Абдулин.
Сынакка ырчы Кутман Жолдошев да катышкан.
"Делбирим" аттуу сынактын катышуучулары.
Сынактын катышуучусу.
Ырчылар Алтынбек Алымов, Бек Борбиев жана Алишер Тоотаев.
Концерттин соңунда ырчылар Алтынбек Алымов, Бек Борбиев жана Алишер Тоотаев "Бир бол" ырын аткарышып, көрүүчүлөр менен коштошушту.

КРнын Эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев чыгармачылыгынын 25 жылдык мааракесине карата отчёттук жеке концертин берди. 3 күн бою созулган концертке биз 24-сентябрда күбө болдук. Кечеде алып баруучулук тизгинди Нурзат Токтосунова, Рысбек Жантөрөев жана Манас Алыкулов башкарышты. Бул кече Бек мырза үчүн кош майрам болуп, өздүк майрамы - туулган күнүн да белгиледи. Көпчүлүк аялзатынын жүрөк оорусуна айланган салабаттуу мырза бул күнү 45 жашка толду.

Шаңга бөлөнгөн концертте Бек Борбиев жүрөктөн чыккан ырларын аткарып, күйөрмандарга ыр майрам тартуулады. “Балдыз”, “Ак жоолукчан”, “Делбирим”, “Жубайыма”, “Уулуң мага окшогон”, “Окуучулук кайыгым” жана башка жагымдуу эски кайрыктарды аккордеон жана гитаранын коштоосунда Алтынбек Алымов менен аткарып берди. Залды 100 пайыз толуктаган ыр сүйүүчүлөр жүрөктүн түпкүрүнөн орун алган ырларды чогуу ырдашып, кыйкырып, тура калып дүркүрөтө кол чаап коштоп турушту. 

Бек Борбиев өздүк кечесинде ырдап гана тим болбостон, куудулданып, күйөрмандар менен тамашалашып жатты. Ар бир ырдын тарыхына токтолгон ырчы: “Менин бардык ырларым биздин үйдө жаңыра бербейт. Телевизор же радиодон деле “Уулуң мага окшогон” жана башка кыздарга арналган ырларым ырдалса, үйдө күн бүркөлүп, бороон-чапкын башталат. Ырларымдагы окуяларды элден угам да, ыр аркылуу күйөрмандарга жеткирем. Ошон үчүн үйдөгү маанайды көтөрүп бул ырды жараткам”,- деп “Жубайыма” аттуу ырын аткарды.

Анын ар бир ырында "Керемет" бийчилер тобунун карлыгачтары чимирилте бийлеп көрк беришти. Кооз кийинген бийчи кыздар тууралуу кеп козгогон ал: "Негизи, бийчилер мага тоскоолдук жаратышат. Алар бийлеп жатышып түртүп өтүшөт, "Бек байке, Бек байке" деп сүйлөнүшөт. Анан жаныңда ийилип бийлеп жатышса, адам болгондон кийин карайсың да, ошентип ырыңдан адашасың. Бийчилер менен бирге ырдоонун себеби - эркектердин көңүлүн сахнага буруу. Анткени алар концертте бири-бири менен сүйлөшүп отура беришет",- дейт.

Ырчыны куттуктап Казакстандан “МузАрт” тобу, кыргыз ырчылары Гүлнур Сатылганова, Курал Чокоев, Асел Турдалиева, Айчүрөк Иманалиева, Ильяз Абдыразаков жана башка артисттер келишти.

Белгилей кетсек, бул концертте Бек Борбиевдин чыгармачылыгынын 25 жылдыгына карата эл ичинен чыккан таланттардын арасында "Делбирим" аталышында сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Баш байгени казак ырчысы Нурболат Абдулин жана “Добулбас” тобу багындырды. Ошондой эле бул сынактын финалына чыккан катышуучулардын таланты 12-сентябрдан 23-сентябрга чейин SUPER.KG порталынын колдонуучуларынын сынына коюлган. Жыйынтыгында эң көп добуш алган  “Добулбас” тобуна уюштуруучулар тарабынан даярдалган Ардак грамота жана акчалай сыйлыкты SUPER.KG порталынын директору Бактыгүл Сокушова тапшырды. Концертте сынактын катышуучулары да өнөрлөрүн көрсөтүшүп, ыр сунушту. 


кошулду





Бек Борбиев 45 жашын сахнада белгиледи

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(66)
25.09.2014. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Алишер тоотаев курошко тушо тургансып туруп алыптыр го. Кичине сахнага чыккан сон жакшыраак костюм кийсе болмок экен шымаланбай.
25.09.2014. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
А так Бек Борбиев азаматсыз! Ийгилик болсун!
25.09.2014. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Концерт сонун болгон окшойт.Апээй ГУЛНУР эжекем не деген койнок кийип алган.Озунун жашына тура келген эле,жарашыктуу кийим кийсе болмок.Бул артистер эмне эле кыска кийинип калышкан.КРУТОЙ эркектерге корунойлу дегени го.ГУЛЬНУР эже мындан кийин узун эле кийинизчи.СУРАНАМ.
isaasa түзөттү 25.09.2014 01:10
25.09.2014. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
isaasa, мен да коруп тан калдым. Ал койногу м.н бул пиджак такыр дал келбейт, ичи катуу эле корунуп калыптыр. Пиджактф да кийууну билиш керек. Дене мучонун жагымсыз жерлерин жаппай, кайра ачып (белгилеп) салыптыр. Мумкунчулугу бар гоо, стилист жалдап албайбы, жок дегенде концерттерге. Кыска кийууну да билиш керек, жараштырып.
25.09.2014. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен Музарт учун бармакмын, каап, бара албай калдым.
25.09.2014. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Гульнур апчем эмне офисный стильде кийинип алган чотоюп, койногу да бырыш тырыш.Ушу пиджакты(жакет)сахнага кийгенин таштабай койду.
25.09.2014. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ksb, эжебизде пиджактын туру бар гоо))) . Койногу офисный эмес))) . Туура эмес тандалган кийим.
25.09.2014. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айчурок апчеме соз жок, как всегда-безупречна!
25.09.2014. 03:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ksb, Aichurok m.n. Asel apchelerime kok tus moda bolup jatkan okshoit.No, Aichurok apchemdin "artist " koinnogu ayai eken.
25.09.2014. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Толик сынчыбыздан угабыз да э калганын.
25.09.2014. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Концерт жакшы болгон окшойт. Сакендин костюму жакты. Музарттын ырлары аябай сонун!
25.09.2014. 05:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Соз жоок баары эле кийим кийип алышыптыр.
25.09.2014. 06:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Концерт абдан жакшы отуптур да,Муз арт келип жакшы кылыптыр.Концертке элдин коп келишине салам кошкон жалгыз пикетчи Ондуруш аксакалга да ракмат айтып коюш керек.Айчурок менен Асель неге кок койнок кийип алышкан тынччылык бекен деги.
27.09.2014. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baiysh0704, кок койнок,жашыл кой,сары койнок баардыгы аялзатка жаккан койноктор,маани бербеш керек.
samidinova84 түзөттү 27.09.2014 14:22
25.09.2014. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бек байкенин ырлары аябай жагат,талантынызга таазим.Чыгармачылык ийгилик.
25.09.2014. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бакиевдин тоюна баргандан кийин Бул адамдан конулум калды калды
25.09.2014. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
концертке бишкекте болгондо бармакмын.жакшы болгон окшойт,ийгилик Борбиевге жана башка келген ырчыларга.элге кызмат кылып журо бергиле.кийимдери эми оздору тапкандарын кийишсе керек,ар кимдин ичиндегисин биле албайбыз да.кантсе да сынга чыдар "артист"болуп журо беришсин демекмин.
25.09.2014. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ит уро берет, кербен журо берет. Бек,чыгармачылыгына ийгилик!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: