Бишкектеги “Коломто” баш калкалоочу жайында 70 селсаяк, “Ырайымдуулук" борборунда 46 аял балдары менен жашап жатышат
Бишкектин Биринчи Май районундагы “Коломто” баш калкалоочу жайында 70 селсаяк, ал эми Ленин райондук “Ырайымдуулук” борборунда 46 аял балдары менен баш калкалоодо. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. Ошондой эле шаарда селсаяктар үчүн 2012-жылдын ноябрь айынан 2013-жылдын март айына чейин иштөөчү убактылуу күн кечирүүчү жайлар ачылган. Бул жайларда бир маал тамак берилет. Учурда шаардык мэрия тарабынан селсаяктар үчүн 300 орундуу борбор ачуу каралууда, бул жайда тамак ичип баш калкалоодон сырткары реабилитациялык жардам да көрсөтүлмөкчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

