super.kg logo
  Саясат  

Ирина Карамушкина Июнь окуясы боюнча көрсөтүлгөн тасмада терс чакырыктар жок экенин айтты

 

Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина 2010-жылы Ош шаарында болгон баш аламандык учурунда зордукталган аялдардын баяндамасы чагылдырылган видеолор тууралуу пикирин айтты. “Бул видеолордо “улутчулдукка чакырык бар” деген сөздөр айтылган. Чындыгында, аларда эч кандай терс чакырыктар жок. Бул видеолордо аталган окуялардан улам жапа чеккен аялдардын кантип зомбулукка кабылгандыгы тууралуу айтып бергени гана тартылган. Ошондой эле Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин эң негизги милдети жаңжалдар учурунда аялдар жана балдарды коргоо эмеспи. Ушул видеолордо аялдарга карата зомбулукту токтотууга чакыруу болгон. Өлкөбүздө ар бир жаран баалуу. Биз ар бир мекендешибизди сыйлашыбыз керек”,- деди Карамушкина.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: