super.kg logo
  Саясат  

ЖКда чек арага сырттан келген азык-түлүктөрдүн курамын текшерүүчү лаборатория ачуу сунушу киргизилди

 
 “Мамлекетте ар кандай тыюу, чектөөлөр коррупцияга жол ачат”. Мындай оюн Ахматбек Келдибеков парламенттеги Бюджет жана финансы боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында билдирди. “Биз курамында ГМО бар экен деп жалпы эле сырттан келген азык-түлүккө тыюу салсак, анда коррупцияга жол ачып берген болобуз. Ишкерлер бажычыларга акча берип, өз товарын өткөрө башташат. Андан көрө андай азык-түлүктөрдүн курамын текшере турган лабораторияны ар бир чек ара өтмөгүнө алпарып коёлу да, текшерели. Эгер экологиялык жактан таза эмес болсо, анда өткөрбөй коёлу”,- деди ал. Депутаттар тарабынан узатылган “ГМО аркылуу өсүмдүк өстүрүү илимий жетишкендикпи?" деген суроого мыйзам ээси Эркингүл Иманкожоева “жетишкендик дагы, чектен ашкандык дагы” деп жооп берди. Эскерте кетсек, депутат Эркингүл Иманкожоева тарабынан курамында ГМО (Гендик модификацияланган организм) кошулмасы бар азык-түлүктөрдү Кыргызстанга алып кирүүгө тыюу салуу демилгеси көтөрүлүп жатат.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: