super.kg logo

Казакстанда кулап түшкөн учакты башкарып бараткан учкучтардын сөөктөрү табылды

 
Е.Ж.Науанов
Д.И.Горбунов
Казакстанда кулап түшкөн учакты башкарып бараткан учкучтардын сөөктөрү табылды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар бүгүн, 25-сентябрда кабарлашууда.

Эске салсак, Казакстандын Алматы облусунда өлкөнүн Коргоо министрлигинин Су-27 аскердик учагы кулап түшкөн. 

Маалыматта "23-сентябрь күнү саат 23:00дө аскер учагы менен болгон байланыш үзүлүп, бир нече убакыттан соң Коксуск районундагы Жаналык айылына жакын аймакка кулап түшкөн. Учак ичинде экипаж мүчөлөрү: подполковник Е.Ж.Науанов жана подполковник Д.И.Горбунов болгон. Бирок алар кырсык болгон жерде жок болууда" деп айтылган. Бүгүн Казакстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы "Кулап түшкөн экипажды башкарып бара жаткан подполковник Е.Ж.Науанов жана подполковник Д.И.Горбуновдун денелеринин айрым бөлүктөрү табылды. Кошумча маалымат атайын комиссиянын жыйынтыгы чыккан соң кабарланат" деп билдирген.

Учурда кырсык болгон жерде издөө иштери жүрүп жатат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
25.09.2014. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жайы жаннатан болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: