Жоомарт Оторбаев: “Кумтөр” боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктаса, кыргыз тарап 60 миллион доллар дивиденд алат”




Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев: “Эгер биз канадалык инвесторлор менен “Күмтөр” ишканасы боюнча сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү өткөрүп, кыргыз тараптын үлүшүн 50 пайызга жеткирсек, 2014-жылдын соңунда Кыргызстандын дивиденди 60 миллион долларды түзүшү мүмкүн”,- деп билдирди. Анын айтымында, "Центерра" менен сүйлөшүүлөр татаал болууда. "Биз жолугушууларды да, интернет аркылуу сүйлөшүүлөрдү да өткөрүп жатабыз. "Кумтөр" ишканасы тууралуу келишим боюнча 8 мыйзам долбоору иштелип жатат",- деди премьер-министр.
Мындан тышкары Оторбаев быйыл өкмөт тарабынан аткарылган токтомдор тууралуу да маалымат берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

