Жоомарт Оторбаев: "Динара Сагынбаеванын Батукаевдин ишине күнөөсү бар"
Кечээ кызматтан алынган саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеванын "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин маселесине кайсы бир деңгээлде күнөөсү бар. Муну парламенттин 25-сентябрдагы жыйынында өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев билдирди. Бирок Сагынбаева түздөн-түз аталган факт боюнча кызматтан бошотулган жок. "Министр кызматтан кетүү боюнча арызын жазды, Батукаев маселесине байланыштуу отставкага кеткен жок. Парламент токтомунда бир катар министрлердин жоопкерчилигин кароо сунушу жазылган",- деди Оторбаев.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

