Темир Сариев: “Мамлекеттик өнүктүрүү банкын түзүүгө 2 миллиард сом керек”
Кыргызстанда Мамлекеттик өнүктүрүү банкын түзүүгө 2 миллиард сом керек. Бул тууралуу экономика министри Темир Сариев Жогорку Кеңеште 25-сентябрда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. “Каржы булактары даяр болсо, бул маселе чечилет. Ага 2 миллиард сомдук капитал керек болуп жатат, ал акча биздин резервде жок. Азыр ар кандай механизмдерин иштеп жатабыз”,- дейт Сариев.
Айта кетсек, өкмөт 2013-жылдын 30-апрелине чейин банктын жобосун иштеп чыгып, 1-июлга чейин каржылоо булактарына сунуш киргизүү пландалып жатканын айткан болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















